Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Германияда Цолманндардын үй-бүлөсү үйүр-үйүр жылкы багат. Бээ саап, кымыз ачытышат. Бээнин сүтүнөн, кымыздан бетмай, самын, шампунь өңдүү косметикалык каражаттарды өндүрүшөт. Ар жылы май айында өткөргөн кымыз фестивалына барып ага өзүбүз күбө болдук. Ошондой эле Кыргызстандагы кымыз туризми менен да тааныштырабыз.