Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Ош шаарында кызыл сызыкка чыгып кеткен соода түйүндөрдү бузуп жатышат
Ош шаарынын Ж.Бабараимов көчөсүндө мыйзамсыз курулган жана кызыл сызыкка чыгып кеткен соода жайлары буздурулуп жатат. Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, аталган көчөдө негизинен эмерек, килем саткандар соода кылып келишкен. Көпчүлүгү тротуарга чейин чыгып, жолду тороп алышкан.