Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Садыр Жапаров Таластагы «Баластан» балдардын оюн-зоок борборунун курулушуна мезгил кутусун салды
Президент Садыр Жапаров 13-ноябрда Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы «Баластан» балдардын оюн-зоок борборунун курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышты. Иш-чаранын башында конокторго балдарга арналган борбордун эскиздик долбоору көрсөтүлгөн видеоролик тартууланды. Ал 6,5 га аянтка жайгашат. Объектти 2026-жылы пайдаланууга берүү пландаштырылууда. Садыр Жапаров өз сөзүндө мамлекеттин башкы максаты – ар бир балага татыктуу балалык тартуулоо экенин өзгөчө белгиледи. Балдар бейкапар ойноп, ээн-эркин өскөн чөйрөдө гана өз алдынча ой жүгүртүүсү калыптанып, акыл-эси, руханий дүйнөсү, чыгармачылыгы жакшы өнүгөт. Садыр Жапаров Таластагы «Баластан» балдардын оюн-зоок борборунун курулушуна мезгил кутусун салды