АВОГАДРО ЗАКОНУ

АВОГАДРО ЗАКОНУ Нормальдуу шартта (101325 Па=760 мм сым. мам., абанын температура=273,15 K = 0°C.) кычкылтек, азот, суутек, көмүр кычкыл газы, инерттүү жана табигый газдар газ абалында болот. Газдар идиштин бардык көлөмүн ээлейт. Идиштин оозун ачып койсо, алар башаламан кыймылда болгондуктан, андан чыгып кетет. Амедео Авогадро 1811-жылы (италиялык окмуштуу) газдардын касиеттери үчүн төмөндөгүдөй божомол сунуштаган: ● Бирдей шарттарда ар кандай газдардын бирдей көлөмдөрүндө бирдей сандагы молекулалар болот.

Смотрите также