Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Көрүшкөнчө көздөрүңдөн чагылган, Нурларынан курган кайран көпүрөм. Бекемине күмөнсанап жаңылгам, Өтүмү жок болгонума өкүнөм. Кимге айтып күйүтүмдү, Кимге барып өтүнөм? А-а-ай, о-о-ой, Кимге айтып күйүтүмдү, Кимге барып күн-түнү, Кимге барып өтүнөм? Таңшыгыча табышмактуу таң сыры, Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү. Таба албайм кайрылганда айт чынын, Артык бекен башка жердин көркөмү? Арбалсаң да бир келерсиң, Ала-Тоону көргөнү. А-а-ай, о-о-ой, Сагынганда бир келерсиң, Саргайганда бир келерсиң. Ала-Тоону көргөнү. Кала берем мекенимде сени эстеп, Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо. Өтүнөрүм көкүрөгүм элестеп, Көргөн сайын жалын бүрккөн жанар тоо. Жалын бүрккөн үшкүрүгүм, Жаңырыгы жарар зоо. А-а-ай, о-о-ой, Жалын бүрккөн үшкүрүгүм, Жалын бүрккөн үшкүрүгүм, Жаңырыгы жарар зоо. Сагынганда бир келерсиң, Саргайганда бир келерсиң. Ала-Тоону көргөнү.