Уксаң уяласың, бул инсандардын кылганын көрүп балким сиз да өзүңүзгө сабак алаарсыз-Билим Майнаев

Көзүбүз көрүп көкүрөгүбүз сокур болуп калган. Ошон үчүн Алланын бизге берген белектерин көрбөйбүз, сезбейбиз, шүгүр кылбайбыз. Көрүп турган көзүңдүн өзү чоң бакыт түшүнгөн адамга. Бирок муну баарыбыз эле түшүнө бербейт экенбиз. Кичине кыйналсак, башыбызга сыноо келип калса өзүбүздү бактысыз сезип, жашоого нааразы болуп баштайбыз. Үлгү ала турган инсандар көздөрү көрбөсө да өздөрү тагдырдын сыноосуна сынбай жашоосуна шүгүр кылып, намазын окуп, Алланын айткандарын аткарып келишет. Уксаң уяласын бул жерде көзү азиз болсо да Оңолкан эжебиз куранды толук жаттап бүтсө, Земфира эжебиз 15 пара куран жаттап койгон. Бексултан мырза өзү да дагы келинчеги дагы көзү көрбөйт. Бирок эки балалуу болуп бактылуу үй-бүлө болуп жашап келишет. Аялын тудуруп балдарын таштап карабай качып жүргөн эркектер Бексултан мырзадан үлгү алчуудайбыз #лидерумра

Смотрите также