Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
"Бийлик сырлары" берүүсүнүн бул жолку мейманы Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аймактарды өнүктүрүү саясатынын мурдагы министри Төлөбек Өмүралиев болду. Ал маегинде мамлекеттик кызматка келиши, “айыл өкмөт” жана “губернатор” институтунун кантип пайда болгону, өз алдынча башкаруу реформасынын жүрбөй калышынын себептери ж.б. маселелер жөнүндө кеп кылат.