Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
21-июль Үмүтсүздүккɵ каршы күрөшүүнүн мисалдары Жон Пайперден насаат сɵз «Денем да, жүрөгүм да алсырады, бирок жүрөгүмдүн жөлөгү, түбөлүк үлүшүм – Кудай» (Забур 72:26). Бул аяттагы «алсырады» деген этиш «алсырашы мүмкүн» дегенди эмес, даана эле «алсырайт» дегенди билдирет. Кудайды терең сүйгɵн забурчу Асап: «Денем да, жүрөгүм да алсырайт» – дейт. Кайгы-муңга баттым! Үмүтүм үзүлдү! Бирок андан соң ал дароо ɵзүнүн кайгысын «Бирок жүрөгүмдүн жөлөгү, түбөлүк үлүшүм – Кудай» деген сɵздɵр менен жеңгенге аракет кылат. Забурчу үмүтсүздүккɵ алдырбай, ишенбестиктин мизин кайтарат. Анын сөздөрүн: «Мен ɵзүмдү алсыз жана айласыз сезип жатам, алышууга күчүм жок. Менин денем жабыркап, жүрɵгүм дээрлик ɵлүм алдында турат. Бирок бул үмүтсүздүккө эмне гана себеп болбосун, мен ага моюн сунбайм. Мен ɵзүмɵ эмес, Кудайга ишенем. Ал – менин жɵлɵгүм жана үлүшүм» – деп түшүнсөк болот. Ыйык Китепте ыйыктар көңүл чөгүүгө каршы күрɵшкɵн мисалдарга толтура. 18-забурдун 8-аятында мындай деп жазылат: «Кудайдын мыйзамы жеткилең, ал жанды тирилтет». Бул аятта ыйыктардын жандары кээде тирилүүгө муктаж экендиги ачык айтылат. Эгерде аны кайрадан тирилтүү керек болсо, демек ал «ɵлүк» болгон. Забурчу өзүн ушундай сезген. Дɵɵт 22-забурдун 2-3-аяттарында ошол эле нерсе жɵнүндɵ айтат: «Ал мени жай аккан суу боюна алып барат. Жаныма күч берет». «Теңирдин жүрɵгүнɵ жаккан кишинин» (1 Шемуел 13:14) жаны Андан келген күчкɵ муктаж болгон. Анын жаны чаңкап, чарчап-чалыгып кулап кала жаздаганда, Кудай анын суусунун кандырып, кайрадан жашоо берген. Кудай ушул күбөлөндүрүүлөрдү кайгыруунун натыйжасында келген ишенбестикке каршы күрɵшүүдɵ колдонушубуз үчүн Ыйык Китепке жаздырып койгон. Ал эми биз күрөшүбүздү: «Жүрөгүмдүн жөлөгү, түбөлүк үлүшүм – Кудай», – деп, Кудайдын убадаларына таянып, ишеним менен жүргүзөбүз. Ɵзүбүзгɵ ушундай акыл-насаат айтып, убадаларга бекем ишенип, аларды шайтанга каршы колдонобуз. «Келечектеги ырайым» аттуу китептен үзүндү, 303-304-беттер. Жакшы Кабар Медиа. Төмөнкү баракчаларыбызда көбүрөөк маалымат каражаттарын тапсаңыз болот: 💻 Сайт: ✨ Instagram: / jakshykabar 🎵 Facebook: / jakshykabarmedia 🎼Twitter: / jakshykabar 📸Telegram: