АБХАЗИЯ МЕНЕН АРМЕНИЯ НОМЕРЛҮҮ УНААЛАРГА РЕЙД ЖҮРДҮ

АБХАЗИЯ МЕНЕН АРМЕНИЯ НОМЕРЛҮҮ УНААЛАРГА РЕЙД ЖҮРДҮ Абхазия менен Армениянын номери менен кирген автоунааларды убактылуу колдонууга болот, бирок мамлекеттик номер берип, каттоого тыюу салынган. Демек, жаран өзүнө мыйзамдаштыры албайт жана башка бирөөгө өткөзө албайт. Кыргызстандын аймагында гана айдап жүрө алат. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө тиешелүү бажы жол-жоболорунан өтпөгөн Абхазиядан келген унаалары ар кандай жол менен ташылып, кыргызтандын номерин алуу жолун көздөгөндөр да жок эмес. Азыркы тапта өлкөдө бул унаалардын саны так белгисиз. Ички иштер министрлиги буга чейин абхаз номурлуу канча автоунаа бар экенин билүү кыйын болуп жатканын билдирген. Ачык булактарда 100 миңдин тегерегинде айтылып жүрөт. Бүгүн , 13-августа Жалал-Абадда жол кайгуул кызматы Абхаз номери менен жүргөн айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тиешелүү маалыматтарды беришти. Бажы кызматы жарандарга Абхазиядан алып келинген унааларды сатып алуудан жана бажы каттоосунан өткөрбөй туруп пайдалануудан карманууга чакырууда. Абхазиядан ташылган унаалар ЕАЭБдин товары болуп эсептелбейт. Кыргызстанда 2015-жылы оң рулдуу автоунааларды ташып келүүгө тыюу салынганы белгилүү. ------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------ Официальный сайт:
REGION TV @ Instagram   / regiontvkg   REGION TV @ Facebook   / regiontvkg   REGION TV @ Одноклассники https://ok.ru/region.kyrgyzstan

Смотрите также