Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
КМУда “Сөздүн баары ичинде...” китебинин бет ачары өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору Аида Эгембердиеванын “Сөздүн баары ичинде...” китебинин бет ачары өттү. Иш-чарага КМУнун мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Самат Жумалиев, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор Кубан Мамбеталиев, кыргыз эл акындары, эл жазуучулары Акбар Рыскулов, Абдиламит Матисаков, Кожогелди Култегин, Меңди Мамазаирова, Топчугүл Шайдуллаева, маданиятка эмгек сиңирген ишмерлер, акындар Нурлан Калыбеков, Бурулкан Сарыгулова, академиктер, адабиятчылар, изилдөөчүлөр, КМУнун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты. Иш-чаранын максаты: “Молдо” түшүнүгүнө, кыргыз аялдар поэзиясынын кечээги-бүгүнкүсүнө, эгемендик учурдагы поэзияга ж.б. арналган изилдөөлөр, кыргыз адабиятынын айрым өкүлдөрүнүн мурда-кийин ар кайсы басылмаларда жарык көргөн адабий портреттеринин, адабияттын ар түрдүү проблемаларына арналган макалалардын, маектердин негизинде жалпы адабий процессти, андагы тенденцияларды талкуулоо, алар аркылуу кыргыз адабиятынын дээрлик бардык өнүгүү этаптарын сөзгө алуу, кыргыз адабиятынын мындан аркы өнүгүшүндөгү багыттарды аныктоо. “Сөздүн баары ичинде...” китебинин бет ачары КМУнун мамлекеттик тил жана маданият институтунун кыргыз адабияты жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы тарабынан уюштурулду.