"Сапат" аркылуу ийгиликке жетип,эл оозуна алынган бүтүрүүчүлөр

Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1992-жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатат. Бүгүнкү күндө мекеме - 16 лицейди, Эл аралык “Алатоо” университетин, Эл аралык “Силк Роад” мектебин, 4 толук эмес жалпы билим берүү мектебин камтыйт. 1996 жылдан тарта мекемени 13474 окуучу бүтүргөн. Бүгүн дал ушул мектептин сыймыгы болгон бүтүрүүчүлөр тууралуу сөз кылабыз. Алардын бири учурда эл оозуна алынган кинорежиссер болсо, экинчиси жеке ишкер. Мындан 21 жыл мурун Жалал-Абад шаарындагы “Сапат” балдар лицейин бүтүруп, бул убакка чейин бир топ тасмаларга режиссерлук кылган Сүйүн Откеев мектепти ата-энеси сунуштап, окуп калганын билдирди. Ал эми Малик Осмонов 2009-жылы Талас шаарындагы “Сапат” балдар лицейин бүтүргөн. Андан соң билимин “Ататүрк-Алатоо” жогорку окуу жайында улантып, компьютердик инженерия кесибине ээ болгон. Ал атайын сынактын негизинде лицейге тапшырып калганын айтып берди. Учурда “Сапатка” таандык мекемелерде 10426 мектеп окуучулары жана студенттер билим алышууда. Бул жакта бир гана борбордун окуучулары эмес, алыскы аймактан келген окуучулар дагы билим алууга болот. Бул үчүн мыкты шарттар дагы түзүлгөн. Сүйүн Откеев “Миллиондук мелдеш”, “Соолуган карек”, “Сен эмне кылмаксың?”, “Мегатой” тасмаларына жана белгилүү ырчылардын клиптерине режиссерлук кылган. Ага таандык акыркы эмгек Орто Азияда жана Кыргызстанда алгачкы жолу балдар үчүн тартылган фантастикалык “Жетикс” тасмасы. Режиссердун айтымында алдыда анын уландысын тартуу пландалууда. Малик Осмонов учурда анимациялык мультфилмдерди жасоо менен алек. Аларды чет тилине которуп, башка тилдүү аудиторияга тартуулоо менен катар аны жасоо техникасын окуучуларына үйрөтөт. Азыркы тапка 30дан ашуун адамдан турган командасы бар. Алар мультфильмден сырткары музыка,оюндарды жасашат. “Сапат” билим беруу мекемесин аяктагандардын көпчүлүгү дүйнөлүк окуу жайларга тапшырып, атагы чыккан Google, Microsoft, Samsung, Nestle компанияларында эмгектенип келишет.Ошондой эле Кыргызстандагы мамлекеттик кызматтарда жана курулуш, энергетика, айыл чарба, жеңил өнөр-жай тармактарында алдыңкы, тажрыйбалуу, ишкерлердин катарын толуктап келе жатышат. Жыл сайын лицейлердин 10-14 бүтүрүүчүсү ЖРТ негизинде “Алтын сертификатка” ээ болууда. Ал эми республикалык жана дүйнөлүк олимпиадаларга катышкан окуучулар ар жылы ийгиликтерди жаратып келишет. Келечекке таштап жаткан кадамдын ишеничтүү болушу - билим пайдубалынын күчтүү болушунда. Мектеп ошол билимди алуучу жай болсо, мугалимдер алдыга умтуулууга түрткү болуучу адамдар. Ал эми окуучулардын бийиктиктерди багынтуусу мектеп жамааты үчүн чоң белек. “Сапат” мына ушундай бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанат.

Смотрите также