Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Нурлан Исмаилов - 05 - Укуктук мамиленин түшүнүгү, структурасы, түрлѳрү
Жалпы коомдогу болуп жаткан карым-катыш жыйынтыгы коомдук мамиле болуп саналат. Коомдук турмушта адам баласынын ар түрдүү мамиледе болуу муктаждыгы бар. Ал мамилелер өзүнө бир катар тармактарды камтыса, алардын эң негизгиси жана орчундуусу – бул укуктук мамилелер. Сиздер көрүп жаткан видеосабак укуктук мамиле түшүнүгү, анын түрлөрү, укуктук мамилелердин субъектилери, алардын укуктуулугу, укук жоопкерчилигине жарамдуулугу, укуктук мамилелердин катыштарынын субъективдүү укуктары жана милдеттери деген маселелерге арналган. Аталган ар бир түшүнүккө автор аныктама берет.