Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
30 жаштан 30 сап Ойлор онго, санаам санга чачылган, Өткөн өмүр барды-жокту жашырган. Кубалашып жыл артынан жыл кетет, Кучагына кырчын курак жашынган. Мен өзүмдү издеп жүрөм дагы эле, Мезгил берген отузунчу жазымдан. Караңгы түн аркасында ак таңдар, Көкөлөткөн ата-энедей асман бар. Жерге койбой жакшы жагың ашырып, Жаман жагың болсо ичке каткандар. Сен, алардан ыраазы бол Жараткан, Алар мени азап тартып баккандар. Канча жолу кагылдым да, согулдум, Кыйын күндөр түпкүрүндө оюмдун. Күкүм болуп үбөлөнүп баратып, Кайра баштан кайраттанып чогулдум. Келинчегим, ай кызымды жетелеп, Келе жатам жолун жолдоп момундун. Канча жанга билем эмне карызмын, Калбырында эленемин намыстын. Жакшылардын кадырына жетпедим, Жетегинде турмуш деген жарыштын. Атак издеп абийиримди сатпадым, Кечиргиле, андай жолдон алысмын. Кандай сыноо берсе дагы бул жалган, Кубат алдым муңум уккан ырлардан. Көп дүйнөнүн кереги жок экен го, Көңүл издеп турган кезде курган жан. Бар учурдун баркын билбей келебиз, Бакыт күтүп келе турган жылдардан. АКБАР КУБАНЫЧБЕКОВ