ОшТУда норматив тапшыруу боюнча ачык сабак уюштурулду

Ош технологиялык университетинин Дене тарбия кафедрасынын ага окутуучусу Юсупов Данияр тарабынан уюштурулган “Нормативдик тесттерди алуу жана тапшыруу” деген темада ачык сабак болуп өттү. Аталган иш-чарага дене тарбия кафедрасынын окутуучулары жана студенттери катышты. Ачык сабактын максаты сабакты үйрөнүү жөндөмдүүлүгүн өркүндөтүү, норматив тапшыруунун ыкмаларын үйрөтүү, окутуучуларды биримдикке жана достукка чакыруу, өсүп келе жаткан муунду патриоттуулукка тарбиялоо, дени сак жашоого туруктуу умтулууну калыптандыруу болуп саналат.

Смотрите также