"МЕКЕНИМ" Сөзү. Ишенбай Мансуров.Обону Жолдубай Кайыпов. Автордун аткаруусунда.

Мекеним Кымбатым өскөн жер мекеним, Сен десем толгонуп кетемин. Апамдай асырап өстүрдүң, Сүтүңдү мен актаар бекенмин. Тоолоруң, түздөрүң белесиң, Көңүлгө жак болуп келесиң. Киндик кан тамызган Ата-Журт, Чалыксам күч, кубат бересиң. Кымбатым өскөн жер мекеним, Бактылуу бир бала экенмин. Атамдай алпештеп өстүрдүң, Наныңды мен актаар бекенмин?

Смотрите также